Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Пакистанда аэропортко кол салынгандан кийин атышуу болду


Пешевар аэропорту. 2012-жылдын башында тартылган сүрөт.
Пешевар аэропорту. 2012-жылдын башында тартылган сүрөт.
Согушкерлер өлкөнүн түндүк-батышындагы Пешевар шаарынын аэропортуна кечээ кечинде согушкерлер аткан ракеталар түшкөн эле. Андан кеминде беш жайкын тургун өлүп, 30дан ашуун киши жаракат алган.

Армия бул окуянын артынан беш согушкер жок кылынганын, алар аэропорттун аймагына кире алышпаганын билдиришкен.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, полиция күчтөрү аэропорттон көп алыс эмес кыштакта бекинген согушкерлер менен бүгүн эртең менен атышты. Тараптар кандайдыр бир жоготууга учураган-учурабаганы азырынча беймаалым.

Кол салуу үчүн Талибан жоопкерчилик алды. Аэропортту коммерциялык каттамдар менен катар аскер-аба базасы катары да пайдаланылган Пешевар шаары Пакистандын уруулар жашаган аймагынын босогосунда турат. Ал аймак Талибан менен “ал-Каида” согушкерлеринин таяныч бекети катары эсептелет. (UE)

XS
SM
MD
LG