Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Пакистанда беш согушкер жок кылынды


Өлкөнүн түндүк-батышындагы Пешевар шаарынын аэропортуна кечээ кечинде согушкерлер аткан ракеталар түшкөн эле. Андан кеминде төрт жайкын тургун өлүп, 30дан ашуун киши жаракат алган. Армия бул окуянын артынан беш согушкер жок кылынганын, алар аэропорттун аймагына кире алышпаганын билдиришкен.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, полиция күчтөрү аэропорттон көп алыс эмес, курулушу бүтө элек имаратта бекинген согушкерлер менен бүгүн бир нече саат атышты. Анда үч согушкер мерт болуп, экөөсү белинде тагынып жүргөн жанкечтинин курун жардырып жиберген. Атышуу учурунда бир полициячы да каза тапкан.

Кол салуу үчүн Талибан жоопкерчилик алды. Аэропорту коммерциялык каттамдар менен катар аскер-аба базасы катары да пайдаланылган Пешевар шаары Пакистандын уруулар жашаган аймагынын босогосунда турат. Ал аймак Талибан менен “ал-Каида” согушкерлеринин таяныч бекети катары эсептелет. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG