Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

Евробиримдик Нобелдин байгесин согуштан запкы көргөн балдарга жумшайт


Быйылкы Нобел тынчтык сыйлыгына ээ болгон Евробиримдик сыйлыктын байгесин согуш запкын тарткан 23 000ден ашык качкын балага жумшайт.

Европалык комиссиянын шейшембиде билдиргенине караганда, бул максат үчүн сыйлыктын байгеси 93 миң еврого биримдиктин казынасынан 2 миллион еврого чейин көбөйтүлөт. Бул каражат Сириядагы кан төгүүдөн Ирактын түндүгүндө баш калкалаган согуштан, Колумбиядагы жана Эфиопиядагы чатактардан жабыр тарткан жеткинчектерге жардам көрсөтүүгө жумшалат. Бул демилгени ЮНИСЕФ, БУУнун Качкындар программасы сыяктуу долбоорлор ишке ашырат.

XS
SM
MD
LG