Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Орусиядан 20 миң тонна буудай келе элек


Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу боюнча бөлүм башчы Жумабек Асылбеков Орусияда буудайлар эми жүктөлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Ушул тушта Кыргызстандын өкүлдөрү буудай баасын бычуу үчүн Казакстанда сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдады.

Казакстан Кыргызстанга 200 тонна буудай убада кылган. Бирок тараптар баасын быча албай жатат. Казакстан буудайды базар баасында берүүгө макул, Кыргызстан болсо андан арзан алгысы келет. Министрлик Орусиядан 20 миң тонна дан ушул айда, калган 80 миңи жаңы жылда алынарын айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG