Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Кабулдун борборундагы базарда өрт чыкты


Жабыркагандар тууралуу азырынча кабар түшө элек. Бирок жүздөгөн майда дүкөндөр менен контейнерлер керектен чыкты. Айланадагы ишканалар көчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө НАТО жана Ооган армиясынын өрт өчүргүчтөрү тартылды. Кырсык болжолу менен электр зымдардан чыккан болушу мүмкүн. Базар президент кеңсесинен жана башка өкмөттүк имараттардан 1 километрдей алыс орун алган. Бийликтер өрт теракттын кесепетинен болушу мүмкүн деген божомолду четке какты.

XS
SM
MD
LG