Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:58

Египет: Оппозиция референдумдун жыйынтыгын тааныбайт


Оппозициялык кыймылдардан жана саясий партиялардан турган “Улуттук куткаруу фронту” жаңы Баш мыйзамга добуш берилген референдумдун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда. Оппозиция жекшембиде жасаган билдирүүсүндө добуш берүү өтө көп мыйзам бузуулар менен коштолду деп бекемдеди. Фронттун өкүлү Амр Хамзои “шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыгын жарыялоодон мурун анда кетирилген мыйзам бузууларды иликтөөгө тийиш” деп билдирди. Ал Баш мыйзам Египеттин келечеги үчүн бекем пайдубал болуп бере албайт деп эсептейт:

- Биз бул Баш мыйзамды мыйзамдуу Конституция деп санабайбыз. Ал биздин жеке адамдык жана социалдык-экономикалык укугубузга каршы келет. Ошондой эле биздин акыйкат коомду жана демократиялык системаны куруу кызыкчылыктарыбызга да туура келбейт. Биз колдон келишинче каршылыгыбызды улантабызбилдирүүсүндө.

Египет оппозициясынын талабын биринчилерден болуп Германия колдоп чыкты.
Египеттин “Ал-Ахрам” мамлекеттик маалымат агенттиги алдын ала маалыматтар боюнча референдумда добуш бергендердин 64% жаңы Баш мыйзамга макулдугун беришкенин жазып чыкты. Маалыматтарга караганда, шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын бүгүн чыгарары күтүлүүдө.

Акыркы эки ишембиде египеттиктер ислам шариятына негизделген жаңы Баш мыйзамга добуш беришти. Оппозиция бул Конституция адам укуктарына каршы келерин билдирип, мамлекет башчыдан референдумду өткөрбөөнү талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG