Кыргызстанда жаңы жылды майрамдоого байланыштуу дем алыш күндөр кайсы экени аныкталды. Бүгүн өкмөттүн токтому менен жумасына беш күн иштеген мекемелер үчүн дем алыш күндөр 30-декабрдан 7-январга чейин болоору бекитилди. Ошентип майрамдоого жалпысынан 9 күн берилет. Бирок ишембиге туш келген 29-декабр жана 12-, 19-январ иш күн болот. (RK)