Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

Июн апаатында жабыркагандар нааразылыкка чыкты


Бүгүн Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын имаратынын жанына июн коогасында жакындарынан ажыраган ондон ашуун жаран нааразылыкка чыкты. Аларга мамлекет тарабынан курулган үйлөр берилбей жаткандыгынын себебин тийиштүү адистер түшүндүрүп беришин талап кылышты.

Акцияга чыккандардын айтымында, алардын баарына үй берилсин деген токтом өкмөт тарабынан ушул жылдын май айында чыккан. Бирок ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен берилбей келет. Муниципалдык менчик башкармалыгы 25-декабр акыркы мөөнөт экенин, ушул күнү батирлер берилээрин билдиргени менен ал күнү да берилбей калган.

Башкармалыктын жетекчи орун басары Абдумуталип Калбеков да нааразылыкка чыккандардын пикирин тастыктады. Анын айтымында, батирлер жетпей калгандыгына байланыштуу ушул маселе жаралууда. Учурда буга чейин үй алгандар кылдат текшерилип, туура эмес бөлүштүрүүлөр болгон же болбогону аныкталууда.

Калбеков маселе ушул жуманын аягына чейин чечилээрин айтты. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG