Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:19

Унаа сатып алуучуларды алдаган сайттар аныкталды


Кыргызстандык унаа сатып алуучуларды алдап, акчасын алып койгон сайттар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Кыргызстандын Британиядагы элчилигине соңку мезгилде ушундай жол менен алданып калган жарандардан арыздар көп түшө баштаган.

Интернетте атайын сайттар ачылып, анда чет өлкөдөн унаа сатып алуучулар үчүн жарнама берилет. Кардарды ынандыруу үчүн "сатуучу" өзү тууралуу кеңири маалымат берет, үйүнүн дарегин, банктагы эсебинин номуруна чейин айтат. Иш соңуна чыгып баратканда кардарга унаанын жарым баасын банк аркылуу салып жиберүү талабы коюлат. Акча түшкөнү тууралуу маалыматты алар замат андай "сатуучу" дайын-дарегин билгизбей, жок болот.

Ушуга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга кайрылып, этият болууну өтүндү. (RK)

XS
SM
MD
LG