Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Баетов: Электр эки сааттан көп өчүрүлбөйт


Токтогул ГЭСиндеги аварияга байланыштуу Кыргызстанда электр энергиясын өчүрүү ар бир абонент үчүн эки саттан ашпайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Энергетика министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов билдирди:

Ар бир керектөөчү үчүн эки саттын тегерегинде өчүрүлөт. Эртең мененки жана кечки максимум учурунда, башкача айтканда таңкы жетиден түшкө чейин жана кечки төрттөн түнкү 12ге чейинки аралыкта ар бир керектөөчүгө өчүрүүнү эки сааттан ашырбаганга аракет кылышат энергетиктер.

Энергетиктердин айтымында, Токтогул ГЭСинин №4 гидрогенераторунда басым пайда болгону өткөн түнү байкалган. Системанын ишинде мындай мүчүлүштүк өз учурунда аныкталгандыктан чоң аварияга жол берилген жок. Буга чейин ГЭСтин ишинде мындай жагдай эч качан түзүлгөн эмес.

Авариянын себеби аныкталганда оңдоо иштери башталат. Бирок оңдоо иштери канча убакыт талап кылынаарын азырынча эч ким айта албайт.

Системанын иши калыбына келтирилгенче республиканын бардык аймактарында электр маал-маалы менен өчүрүлүп турмай болууда. Бишкекте жарык өчпөйт. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG