Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Талас: Шаар кеңеш төрагалыгына азчылыктын өкүлү шайланды


Талас шаардык кеңешинин төрагалык кызматына азчылыктын өкүлү шайланды. Мындай чечим бүгүн өткөн жыйындагы добуш берүүдөн кийин кабыл алынды. Төрага Айдар Жусупбеков азчылыкта калган "Республика" партиясынын өкүлү. Ага 31 депутаттын 16сы добуш берди.

Талас шаардык кеңешинде 31 депутаттык орун бар. Алардын 16сы КСДП, "Ата-Мекен", "Замандаш" жана "Ак Шумкар" партиясынан келгендер. Ал эми азчылыктагы 15 орунга "Республика" ээлик кылат.

Кыргызстандын 25 шаар жана 416 айыл кеңештерине депутат шайлоо 25-ноябрда өткөн. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG