Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Индиянын бийликтери аялдарды коргоого бардык чараларды көрөт


Бул тууралуу премьер-министр Манмохан Сингх бейшембиде бийликтер аялдарды зордук-зомбулуктан коргоого бардык зарыл чараларды көрөт деп коомчулукка жарыялады.

16-декабрда баш калаа Дели шаарында коомдук автобуста топтошкон эркектер кызды зордукташкан. Учурда жабыркаган кыз Сингапурда дарыланууда.

23 жаштагы кызды уруп-сабап, зордуктаган иш белгилүү болгондон тарта өлкөдө массалык нааразылык акциялар өтүүдө. Бейшембиде Делиде көп киши катышкан демонстрация өттү. Анын катышуучулары бийликтерден аялдарга каршы кылмыштарга карата эффективдүү чараларды көрүүнү талап кылышты.

XS
SM
MD
LG