30-декабрдан тарта тарта майрам күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. ИИМдин маалыматында, өлкө боюнча коомдук тартипти сактоого 7 миңдей милиция кызматкери тартылмакчы. Аларга элдик кошуундун 10 миңге жакын мүчөсү жардам берет. Күчөтүлгөн тартип 1-январга чейин уланат. (BkA)