Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Токтогул ГЭСиндеги бузулган агрегат 15 күн ичинде оңдолот


Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика жана өнөр жай министрлигинин электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Чолпонкулов билдирди.
Анын айтымында, учурда бузулуп калган агрет оңдолуп жатат. Бул үчүн 15 күн убакыт талап кылынат.

Бир агрегаттын иши убактылуу токтотулганына байланыштуу 300 мегаватт электр энергия аз өндүрүлүүдө. Мындан улам өлкөнүн бардык аймактарында электр энергиясына чектөө киргизилип, эртең менен жана кечинде эки сааттык өчүрүүлөр болуп жатат.

27-декабрда Токтогул ГЭСинин бир агрегаты иштен чыккан. Адистер муну электр энергиясын иштеп чыгууда ашыкча күч келгени менен байланыштырышты. (BkA)

XS
SM
MD
LG