Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Коңшулардан келчү газдын көлөмү чечилди


2013-жылы Өзбекстан жана Казакстандан Кыргызстанга бериле турган газдын көлөмү такталды. Бул тууралуу “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова “Азаттыкка” билдирди.

“Сүйлөшүүлөр бүттү. Келе жаткан жылы Өзбекстандан 100 миллион куб метр газ Кыргызстандын түштүгүнө, Казакстандан 300 миллион куб метр газ түндүк облустарга бериле турган болду. Газ токтоп калбашы үчүн биз алгач көлөмүн тактап алышыбыз керек болчу. Көгүлтүр оттун баасы боюнча сүйлөшүү уланууда”,-деди Жайнагүл Максимова.

Буга чейин кыргыз өкмөтү келе жаткан жылы Казакстандан кеминде 500 миллион куб метр газ алууну мерчемдеп жаткан. 2012-жылдын май айынан тарта казак тарап Кыргызстанга газдын миң куб метрин 224 доллардан, Өзбекстан болсо 290 доллардан берип келет. Бул газ кыргызстандыктарга 246 доллардан сатылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG