Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:58

Хиллари Клинтон кайрадан ооруканага түштү


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кан тамырында табылган уюган канга байланыштуу Нью-Йорктогу ооруканага жаткырылды. Дарыгерлер уюган кандын пайда болушуна Клинтондун баш мээсинин сезгениши себеп болгонун айтышууда. Декабрь айынын башында мамкатчы ичеги-карын инфекциясынан улам кокусунан эстен танып, кулап түшкөн эле.

Клинтон айым, алдыңкы эки күндө ооруканада болот. Дарылануу дагы канча убакытка созулары дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин белгилүү болмокчу. Азырынча уюган кан Клинтондун кайсы органында экени айтыла элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG