Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Ош облусунда Жаңы жыл түнү өзгөчө кылмыштар катталган жок


Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширалиев билдирди. Ош калаасында деле майрам түнү тынч өткөндүгүн шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады. Анын айтымында, мушташ, ичип алып машине айдоо сыяктуу майда мыйзам бузуулар катталып, аларга милиция тийиштүү чараларды көргөн.

Ошто Жаңы жылды тосуу үчүн 2,3 миллион сомдук фейерверктер атылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бийикке атылчу өзгөчө салюттар Кытайдан сатылып алынган. Ага коротулган каражат демөөрчүлөрдүн эсебинен жумшалган. Салюттар 3 этапта 15 мүнөттөн атылды. Алгачкысы кечки саат 8де, анан 10до жана 00.00дө. Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, тарсылдаган үндөр түнкү саат экиге чейин токтогон жок.

Шаар жетекчилигинин айтымында, Оштун борбордук аянтында 31-декабрь күнү саат 6дан түн жарымга чейин 50 миңдей адам келип кетти. Кечки саат 8де башталган салтанатка 25 миң адам катышканы айтылууда.

Адамдарды үйлөрүнө жеткирүү үчүн 10 чакты чоң автобусту, 20дай кичи автобусту Транспорт агенттиги бөлгөн.

Өткөн жылдардан айырмаланып, быйыл борбордук аянтка өзбек тектүү жарандар да майрамдаганы чыгышты. Кабарчыбыздын айтымында, алар саналуу гана болду. Айрым укук коргоочулар соңку жылдары өзбек улутундагылар коомдук сейилдөөлөргө чыкпай калганын айтышкан эле. (SE)

XS
SM
MD
LG