Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Пакистанда балдарга жардам берген алты аялды атып кетишти


Пакистандын Хайбер Пахтункхва провинциясында бүгүн куралчан кишилер жети кишини атып өлтүрүштү. Өлгөндөрдүн алтоо – бул жерде балдарга кайрымдуулук көрсөткөн борбордун кызматкерлери, бирөө - эркек догдур. Окуя болгон Сваби райондук бийлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, өлтүрүлгөндөр “Жарык” деген кайрымдуулук уюмунда иштешкен. Аларга чабуул койгондордун максаты азырынча белгисиз. Өткөн айда өлкөдө полиомиелитке каршы эмдөө өткөрүп жүргөн тогуз догдурду атып кетишкен эле.

XS
SM
MD
LG