Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Индия: кызды зордуктагандар сот алдына келишет


Нью-Делиде 23 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган алты эркекке эртең расмий айып коюлат. Бешөө зордуктоо, өлтүрүү жана киши уурдоо боюнча айыптоолор менен өлүм жазасына буйрулат деп күтүлүүдө. Прокурорлор 18 жашка чыга элек деп айтылган алтынчы эркектин жашын аныктоо үчүн анын сөөгүн анализден өткөрүүгө буйруду.

Мединститутта окуган кызды темир союлчан эркектер 16-декабрда автобуста зордукташкандыгы кабарланган. Кыз өткөн ишемби күнү Сингапурдагы ооруканда көз жумду. Кабарларга караганда, кызды зордукчулар автобустан ыргытып жибергенде айдоочу аны тепсеп өтүүгө аракеттенген.

Студент кыздын өлүмү Индияда кыз-келиндерге каршы кеңири тараган зордукчулукту айыптаган жаңы нааразылык акцияларына түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG