Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Акылбек Жумабаевдин “Азаттыкка” айтымында, эмки сүйлөшүү ушул январь айына белгиленди. Азырынча бул багытта тыянак, бир тараптуу чечимдер чыга элек. Маалыматка ылайык, логистикалык борбор куруу боюнча сүйлөшүү Кыргызстан жана Орусиянын Транспорт министрликтеринин ортосунда 26-27-декабрь күндөрү болду. Орусиядан келген адистерге “Манас” аэропортунун инфраструктурасы көрсөтүлдү.
Президент Алмазбек Атамбаев "Манас" аба майданында жайгашкан АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору 2014-жылдан кийин чыгарыларын, база жарандык борборго айланышы ыктымалдыгын бир нече ирет айткан. Өлкө башчысы ал жерде башка мамлекеттин аскерий күчү болбошу керектигин белгилеген. (КЕ)