Израилдин Улуттук китепканасы бир кезде Ооганстанда бакубат жашаган жөөт жамаатына тиешелүү деп саналган байыркы кол жазмаларды ачыкка чыгарды. Китепкана өкүлдөрүнүн айтымында, айрымдары мындан бир миң жыл мурда иврит, арамей, жөөт-арап, жөөт-фарсы тилдеринде жазылган кол жазмалар Ооганстандын түндүгүндөгү үңкүрдөн табылган. Китепкана 30 чакты документти Иерусалимдеги базардан сатып алгандыгын айтууда.