Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Обама Конгрессти бюджет маселесинде ынтымакка үндөдү


Президент Барак Обама “фискалдык туңгуюктан” чыгуу үчүн салыкты көбөйтүү жана федералдык чыгымдарды кыскартуу боюнча Конгрессте жакында болгондой дагы бир тирешүүгө Кошмо Штаттар чыдабасын эскертти. Обама ишемби күнү радиодон жана интернеттен жасаган кайрылуусунда бейшемби күнү ал кол койгон мыйзам фискалдык жана экономикалык проблемаларды оңдоого багытталган биринчи кадам экенин айтып, АКШнын насыясынын чегин 16,4 триллион доллар кылуу боюнча демократтар менен республикачылар Конгрессте жаңы таймашка камданып жатканын белгиледи. Конгресс эки ай арасында өкмөттүн карыз чегин көбөйтүү маселесин чечиш керек. Антпесе, Ак үй бюджетти каржылай албай калат жана финансылык милдеттенмелерин аткара албайт. 2011-жылкы бюджет боюнча Конгресстеги чатак эл аралык агенттиктердин АКШнын ишеним рейтингин төмөндөтүүсүнө түрткү берген.

XS
SM
MD
LG