Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешет


Эртең православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешет. Мунун алдында президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандык православ христиандарын Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Анын куттуктоосунда “майрам ар бирибиздеги жакшылыкка, адилеттүлүккө болгон ишенимди бекемдеп, эң жаркын үмүттөрдү жана жаратман максаттарды ишке ашырууга күч берсин” деп айтылат.

7-январда Рождествонун “ыйык 4 ондук” деп аталган орозосу аяктайт. Аталган майрамга чейин православдар 40 күн ачка болушат. Андан соң 12 күн майрамдашат. Кыргызстанда 45 православдык чиркөө бар. (AKu)

XS
SM
MD
LG