Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

КТРК кабарчыларын сабагандарды жоопко тартууну суранды


Коомдук телерадиокорпорациясынын жетекчилиги "Ата-Түрк" паркындагы электр энергиясына акча төлөбөй жаткан "хан сарайлардын" жанынан сабалган кабарчылары тууралуу билдирүү таратты.

"Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилиги Ички иштер министрлигинен, прокуратурадан, сот органдарынан жана башка күч түзүмдөрүнөн кабарчыларыбыз Ширин Асанакунова жана Бурулай Пусурманкулованы сабаган адамды тез арада таап, жоопко тартууну суранат. Журналисттик милдетин аткарып, казынага зыян келтирип жаткан адамдардын чыныгы жүзүн ачууга жасалган кадам мамлекеттик органдар жана активдүү жарандар тарабынан колдоого алынууга тийиш деп эсептейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Журналисттердин сабалышын буга чейин "Азаттыкка" “Түндүкэлектр” ишканасынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев билдирген. Анын айтымында, бүгүн Коомдук телерадио корпорациясынын журналисттери аталган ишкананын өкүлдөрү менен бирге рейдге чыгып "Ата-Түрк" сейил багынын жанында жашаган электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн, мыйзамсыз колдонгон үйлөр боюнча сюжет тартып жүргөн.

КТРКнын журналисти Бурулай Пусурманкулованын “Азаттыкка” билдиришинче, Малдыбаев 16 дарегинде жашаган киши аларга кол көтөрүп, итке талатаарын айтып коркуткан, журналисттердин жабдыктарын сындырып салган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов журналисттердин сабалганы тууралуу маалымат түшкөнүн, окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөп кеткенин “Азаттыкка” маалымдады.

“Түндүкэлектр” декабрь айында атайын рейд өткөрүп "Ата-Түрк" сейил багынын жанында электр энергиясын мыйзамсыз пайдаланган 23 элиталык үйдү аныктаган. Аларга чара көрүүнү өтүнүп, ИИМдин Уюшма кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгына кайрылган болчу

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG