Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Журналисттердин сабалышы боюнча иш президенттин көзөмөлүндө


Коомдук телерадио корпорациясынын журналисттери Ширин Асанакунова жана Бурулай Пусурманкулованы сабаган факт боюнча кыска мөөнөттө изилдөө иштерин жүргүзүү иши өлкөнүн укук коргоо органдарына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Маалыматка ылайык, бул иш президент Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө болот.

7-январда Коомдук телерадио корпорациясынын журналисттери “Түндүкэлектр” ишканасынын өкүлдөрү менен бирге рейдге чыккан. Алар Бишкекте "Ата-Түрк" сейил багынын жанында жашаган электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн, мыйзамсыз колдонгон үйлөр боюнча сюжет тартып жүргөн. Журналисттердин айтымында, Малдыбаев 16 дарегинде жашаган киши аларга кол көтөрүп, итке талатаарын айтып коркуткан, журналисттердин техникаларын сындырып салган. Алардын бирөө мээси чайкалып, ооруканага жаткырылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG