Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

КТРКнын кабарчысы ага кол салган шектүүнү толук тааный алган жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Коомдук каналдын кабарчысы Бурулай Пусурманкулова кабарлады. Анын айтымында, кечээ кечинде Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө кылмышка шектүү деп кармалган адам менен беттештирүү болгон. Анда Пусурманкулова кармалган адамды толугу менен тааный алган эмес.

- Мага көрсөткөн үч адамдын экөө башка адамдар экенин ошол замат айттым. Ал эми Айдин Кулбаев аттуу жаран да бир аз окшош болгону менен ал экенине жүз пайыз ишене алган жокмун. Себеби бизди сабаган учурда ал калың спорт кийимчен, көз айнекчен болчу. Азыр болсо жеңил футболкачан көрсөттү. Ошондуктан окшоштура алган жокмун.

Бүгүн жабыр тарткан журналисттер менен шектүү кайрадан беттештирилет.

7-январда Коомдук телерадио корпорациясынын журналисттери Бурулай Пусурманкулова жана Ширин Асанакунова “Түндүкэлектр” ишканасынын өкүлдөрү менен бирге рейдге чыккан. Алар Бишкекте "Ата-Түрк" сейил багынын жанында жашаган электр энергиясы үчүн акы төлөбөй мыйзамсыз колдонгон үйлөр боюнча сюжет тартып жүргөн. Журналисттердин айтымында, Малдыбаев-16 дарегинде жашаган киши аларга кол көтөрүп, техникаларын сындырып салган. Бул окуя боюнча кылмыш иш козголуп, ага шектүү катары 1983-жылы туулган Айдин Кулбаев аттуу жаран кармалганын шаардык милициядан кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG