Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Өкмөттүн коопсуздук жана коргонуу кеңеши Чарбактагы жаңжалды талкуулап жатат


Ушул тапта өтүп жаткан жыйында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев мекемелер аралык комиссия түзүп, чырдын себептерин тез арада иликтөөнү көзөмөлгө алууну Аскер прокуратурасына тапшырды. Бул тууралуу аталган жыйындан кабарчыбыз Элеонора Мамбетшакирова билдирди.

Кечээ Кыргызстандан ички иштер министри Шамил Атаханов, Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов, өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Жеңиш Раззаков жана Өзбекстан тараптан Фергана облусунун, Сох аймагынын акими болуп сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анда Сохтогу окуяны калыс иликтөө тууралуу да сөз болгон.

Баткендин Чарбак айылындагы чек ара тозотуна кыргыз тарап 5-январда электр мамыларын орното баштаганда Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары каршылык көрсөтүп, мамыларды кулатып, бир топ кишини барымтага алып, эртеси кое беришкен. Азыр Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын Сох анклавынын тегерегиндеги Кыргызстандын бардык чек ара бекеттери жабык турат. Буга байланыштуу Сохтун жүзгө чукул тургундары Фергана районунун Баткен менен чектеш Риштан айылында өтө албай тургандарын CA-News жазып чыкты. Кыргызстандан бул маалыматты эч ким тастыктаган жок. JAk

XS
SM
MD
LG