Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Баткен: кыргыз-өзбек чек арасынын жанында эл топтолууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” чек арадагы Согмент айылынан Талип Камбаров кабарлады. Анын айтымында, чогулгандар Бишкектен келген депутаттарды жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн келишин күтүп жатат. “Согментте жыл сайын жол, суу жана жайытка байланыштуу 2-3төн чыр чыгат, ошолорду тезинен чечүү талабы коюлуп жатат”, дейт Камбаров. Ал Өзбекстандын Сох анклавында барымтада турганда ур-токмокко алынып ооруканага түшкөндөргө эч жардам көрсөтүлбөй жатканын, согменттиктер колдон келген акчасын топтоп, дары-дармек, тамак-аш жактан каралашып турганын кошумчалады.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Дамира Юсупова чогулгандарга депуттар менен кошо өкмөттүн облустагы өкүлү менен милиция жетекчиси бара турганын “Азаттыкка” билдирди.

Баткен облустук акимчилигинин алдында бүгүн Сох анклавынын айланасындагы айылдардан келген 300дөй адам чогулуп, ички иштер министри Шамил Атаханов менен чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовдун жолукпай кеткенине нааразылык билдиришти. (EBM)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG