Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Оскарга талапкерлер бүгүн белгилүү болот


АКШнын Киноакадемиясы быйылкы Оскарга талапкерлерди атаганы жатат. 2012-жылдын мыкты фильмдерин тандоо үчүн академиянын 6 миңдей мүчөсү жашыруун добуш беришкен. Адаттагыдай эле кинодогу эң абройлуу сыйлыктардын бири бир нече категорияда ыйгарылат. Атай кетсек – эң мыкты фильм, эң мыкты эркек жана аял актерлор, чет тилдеги эң мыкты фильм, эң мыкты музыка жана башкалар. Бул ирет Стивен Спилбергдин президент Абрам Линколн тууралуу “Линколн” (“Lincoln”) деген фильми жана Усама Бин Ладенди табуу аракеттерин, аны жок кылуу операциясын баяндаган “Номур биринчи бута” (“Zero Dark Thirty”) деген фильм көп сыйлык жыйнайт деп болжолдонууда. “Пинин жашоосу” (“Life of Pi”) жана “Кордук көрүп, запкы чеккендер” (“Les Miserables”) деген тасмалардын да мүмкүнчүлүктөрү киносынчылар тарабынан жогору бааланууда.

XS
SM
MD
LG