Тажикстанда Өзбекстан ислам кыймылы - ӨИКтин мүчөсү деп шектелген үч адам кармалды. Тажикстандын Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Өзбекстанга чектеш Масчо районунда 10-январга караган түнү коопсуздук кызматтары өткөргөн операция кезинде бир полициячы жарадар болгон. Кармалгандардын жанынан курал-жарак, ок дары табылган.
Өзбекстан ислам кыймылы Борбор Азияда ислам халифатын курууну көздөгөн уюм. Анын талиптер жана “ал-Каида” менен байланышта экени айтылып жүрөт.
Өзбекстанда тыйуу салынган бул уюм акыркы жылдары Ооганстанда аракеттенет. Бул кыймыл уюштурган кутумдар 2010-жылы Тажикстанда ондогон аскерлер катардан чыккан.