Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн социалдык коргоо жана колдоо фондунан кечээ белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү.
11-январь кечки жети жарымдар чамасында Ички иштер министрлигинин алдындагы уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Толкунбек Шоноевди белгисиз адамдар атып өлтүрүшкөн. Бул окуя боюнча президент Атамбаев “2010-жылы башталган кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүдө эч кандай келишип алуучулук болбошу керек” деп билдирүү таратты.
Шоноевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, күч органдары оперативдик издөө иштерин жүргүзүшүүдө. JAk