Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:03

Улуттук кеңеш Жол картасын талкуулайт


Алмазбек Атамбаев жетектеген Улуттук кеңеш бүгүн Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясына келген сунуштарды карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов маалымдады. Анын айтуусунда, бүгүн стратегиянын концепциясы кабыл алынышы күтүлүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылы ноябрь айында Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча Жол картасын иштеп чыккан. Ошондой эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча беш жылдык стратегиялык программа Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча стратегиялык программа болуп өзгөргөн. Булардын ишке ашуусун көзөмөлдөөчү Улуттук кеңештин курамында президент, премьер-министр, ЖК төрагасы жана беш фракциянын лидерлери, Жогорку Соттун төрайымы финансы-экономика тармагына жакын министрликтердин жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG