Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Таласта бир айылдын малчылары жүздөй койунан айрылып калды


Талас облусунун Кара-Буура районунда бир айылдын малчылары жүзгө жакын койунан айрылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, 14-январдын кечинде Бакайыр кыштоосунда Бакайыр айыл аймагынын алты малчысынын 500 баш жандыгы тоодон кулап, 100 баш кой өлгөн. Анын баарын адалдап союп, айыл тургундарына таратып беришти. Мал ээлери эч кимге доосу жок экенин билдирди.

6-январда ушул эле Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылында 163 баш кой-эчкиси сууга түшүп кетип өлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG