Бүгүн бир нече жанкечти Ооганстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Кабылдагы кеңсесине кол салды. Кабыл полициясынын акими Аюб Салангинин билдиришинче, бир жанкечти өзү жардырган бомбадан күм-жам болгон. Калган жанкечтилерди полиция атып өлтүргөн. Чабуул кезде жанкечтилерден башка да адамдар өлгөнбү, ал жөнүндө маалымдалбады. Чабуулду ким уюштурганы белгисиз.