Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

ӨКМ Баткен менен Кадамжайга гумжардам жеткирип берди


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондоруна гуманитардык жардам жеткирип берди. Аталган министрликтин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, ӨКМ кызматкерлеринин бир күндүк маянасы (300 миң сом) жабыркагандарга жардам катары берилди. 1042 даана самын, 214 куту гигиеналык каражат, 1006 даана балдардын жылуу кийими жана 296 кг кургатылган азык таратылды.

Мындан сырткары Баткен шаардык мэриясынан 50 миң сом, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан 3700 кг ун, Баткен райондук айыл аймактарынан 62 миң сом жана 14 тонна көмүр, АКТЕД ишканасынан 5 миң сом, Ош шаардык мэриясынан 321 миң сомдук азык-түлүк жана Кызыл Ай коомунан 75 миң сомдук дары-дармек, 100 кг макарон берилди.

6-январда кыргыз-өзбек чек арасында чыккан чатактан кийин чек ара туруктары жабылып калган. (RK)

XS
SM
MD
LG