Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:45

Германия тонналаган алтындарын өзүнө кайтарып келет


Бундесбанктын кызматкери Франкфурттагы маалымат жыйынында алтынды текшерүүдөн өткөрүү процессин көрсөттү, 16-январь, 2013
Бундесбанктын кызматкери Франкфурттагы маалымат жыйынында алтынды текшерүүдөн өткөрүү процессин көрсөттү, 16-январь, 2013
Германиянын Борбордук банкы АКШда жана Францияда сакталып турган алтындарын мекенине кайтарып келе турганын кабарлады. “Кансыз согуш” маалында Германия “Советтер союзунан кол салуу болушу мүмкүн” деген чочулоо менен өзүнүн алтындарынын айрым бөлүгүн Парижде жана Нью-Йоркто сактап келген.

Эми Бундесбанк өзүнүн Франкфурттагы сактоочу кампаларына эки шаардан 36 млрд. долларга бааланган 700 тонна алтынын жүктөп келээрин билдирди. Дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде Германия алтын резервинин байлыгы боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат.

XS
SM
MD
LG