Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Караколдо селсаяктар үчүн атайын жай ачылды


Каракол шаарында бараар жери жок селсаяктардын баш калкалоосу үчүн атайын жай ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кызыл Ай коомунун облустагы өкүлү Жыпаркүл Кадыралиева билдирди. Анын айтымында, долбоордун максаты - ал адамдарды эмгекке тартып, тамак берүү болуп эсептелет. Жасаган иши үчүн ар бирине жумасына бир миң сомдон төлөнүп турмай болууда.

"Биз таптакыр көчөдө калгандарга жардам берип жатабыз. Жыйырма кишинин эч болбогондо онунун паспортун, пенсиясын калыбына келтирип берсекпи деп жатабыз", - дейт Кадыралиева.

Кадыралиеванын айтымында, учурда шаарда 120 селсаяк бар. Алардын көбүнүн үй-жайы бар, бирок эч жерде иштебегендиктен көчөгө чыгып калган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG