Ысык-Көл облусу жыл жыйынтыгын чыгарууда. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Назира Муканбетованын "Азаттыкка" айтымында, 2012-жыл облуста Үй-бүлө жылы деп жарыяланган. Бул багытта пландалган иш-чараларды мыкты аткарганы жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Балыкчы шаары биринчи, Жети-Өгүз району экинчи жана Ысык-Көл району үчүнчү орунга ээ болду. Аларга Ардак грамоталар жана башка сыйлыктар тапшырылды. (MK/RK)