Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

УКМК: Ташиевдин ден соолугу канааттандыраарлык


Өткөн түнү кан басымы жогорулап тез жардам алган абактагы депутат Камчыбек Ташиевдин абалы азыр канааттандырарлык. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ташиев өзү гипертониялык оорусу бар экени, абалы азыр жакшырып калганы жана дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылууда.

Былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 14-январда Ташиев ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан УКМКнын клиникасына которулган. Алар өзүлөрүн күнөөлүү деп эсептебээрин айтып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG