Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:30

Тоң районунун энциклопедиясы жарык көрөт


Быйыл Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун тарыхы жана райондун өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошкон инсандар тууралуу кызыктуу маалымат камтыган энциклопедия чыгаруу пландаштырылууда.

Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Максат Кыдырбаев билдирди.

Редколлегиянын курамына райондогу ар бир айылдан экиден өкүл кирмей болду. Алгач райондо аты таанымал адамдардын тизмеси такталып, ар бир айылдын тарыхы изилдөөгө алынат.

Китепти чыгаруу демилгеси менен район акимчилиги чыккан болчу. Каржылоо жеке булактардан жүргүзүлөт. Ысык-Көл облусунда 5 район бар. Тоң району 9 айыл аймактан турат. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG