Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:43

Таласта алтын кендеринин иштетилүүсүнө каршы митинг болот


“Талас жерин коргоо” комитетинин теңтөрагасы Малик Тойгожоевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча тынч митинг 26-январь күнү Жерүй алтын кени жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүндө болот. Анда негизги талап: Талас аймагындагы Талды-Булак, Андаш, Жерүй алтын кендерин иштетүүнү токтотуу болмокчу. Демилгечилер бул аймактарда жайыттар бардыгын, ичүүчү суунун башында турарын, эгер кендер иштетилип, казыла баштаса, экологияга жана жергиликтүү элдин саламаттыгына чоң залалы тиерин белгилөөдө.

Таластагы алтын кендерди иштетпөө талабы 2007-жылдан бери көтөрүлүп келатат. Талды-Булак алтын кени жайгашкан Арал айылынын тургундары кен изилдеген чет элдик ишкананын лагерине кол салып, чатак кийин өз ара макулдашуу менен аяктаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG