Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Орусия: АКШ жарандары жаңы жылга чейин асыраган балдар үй-бүлөлөрүнө кете алат


Жогорудагыдай түшүндүрмө бүгүн Орусиянын Жогорку Сотунун интернеттеги сайтында жарыяланды. Ага ылайык, АКШ жарандарына асыроого берилгени соттордо 2013-жылдын 1-январына чейин жактырылган балдардын баары жаңы үй-бүлөлөрүнө кошула алат.

АКШ жарандарынын Орусиядан бала багып алуусуна тыюу салган талаштуу мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирген. АКШ – Орусия алакасын начарлаткан бул мыйзамды адам укугун коргоочулар кескин сынга алышкан.

Мыйзам АКШ адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмүнө жана башка укук бузууларга тиешеси бар орус расмий өкүлдөрүнө санкция киргизгенине жооп чара катары кабыл алынган. (UE)

XS
SM
MD
LG