Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

Өзбекстан Баткен аркылуу Сохко гумжардам алып баратат


Ушу тапта Өзбекстан Кыргызстандын Баткен облусу аркылуу өзүнүн Сох анклавына гуманитардык жардам алып баратат. Кабарчыбыздын айтымында, алардын коопсуздугун Баткен облусунун милициясы камсыздап, автоунааларды коштоп баратат. 31 КамАЗга жүктөлгөн азык-түлүк жана кара май дээрлик үч жумадан бери изоляцияда калган Сох анклавына жеткирилет.

Ушул айдын алгачкы жумасында Баткенде кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал чыгып, Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавы менен Шахимардан айылына жана Кыргызстандын Өзбекстан аймагындагы Барак айылына жолдун баары жабылып калган.

Чек ара кызматтары сүйлөшкөндөн кийин бүгүн эртең менен эки тарапта тең жабык калган айылдарга гумжардам жеткирүү иши башталды.

Барак айылына Кыргызстан Ош облусунун Кара-Суу районунан чыккан 2 КамАз, 1 бус жана 4 жеңил машина гумжардамын Өзбекстандын Бирлешкен айылы аркылуу жеткирип алды.

Ал эми Өзбекстан Шахимардан айылына Баткен аркылуу 17 унаа гумжардамын өткөрүп алды. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG