Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Египетте башаламандыктар уланууда


Жергиликтүү маалымат каражаттары Порт Саид шаарында массалык мушташка айыпталып, өлүм жазасына тартылгандардын тарапкерлери уюштурган башаламандыкта 2 полициячы мерт болгонун билдирди. Жүздөн ашуун киши жараат алды.

Суец шаарына башаламандыкты басуу үчүн аскерий танктар киргизилди. Бул жерде демонстранттар менен полиция кагылышып, 6 киши набыт болду. Дагы 1 киши Исмаилия шаарында мерт болду.

Нааразылыкка чыккандар президент Мохаммед Мурси өз убадаларын аткарган жок деп айыпташууда.

Египеттеги элдик ыңкылаптын 2 жылдыгына карата массалык нааразылык демонстрациялар 2 күндөн бери уланууда. Суец шаарында манифестанттар «Мусулман агайындар» партиясынын кеңсесин өрттөп жиберишти. Жүздөгөн адамдар жараат алды.

Президент Мурси жарандарды ыңкылаптын идеалдарына сый-урмат менен мамиле жасап, өз ой-пикирлерин тынч жолдор аркылуу билдирүүгө чакырды. Бул башаламандыктар үчүн жоопкерчиликти криминалдык топторго жүктөдү.

Каир, Александрия, Порт Саид жана башка шаарларда ыңкылаптын 2 жылдыгына карата нааразылык демонстрациялары өттүүдө.

XS
SM
MD
LG