Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Кыргыз-өзбек темир жол бекеттери толук ачыла элек


Бул тууралуу Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов билдирди. Мамытовдун айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, 27-январда 4 темир жол бекетинде Өзбекстандан Кыргызстанга өтө албай турган 280 вагон жүктү өткөрүү гана макулдашылган. Андан соң темир жол бекеттери кайрадан жабылышы мүмкүн. Бирок Токон Мамытов темир жолду толугу менен ачуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылаарын кошумчалады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох анклавындагы окуялардан кийин көпчүлүк чек ара бекеттери жабылган. 17-январда Өзбекстан 4 темир жол бекетин жапкан болчу.

XS
SM
MD
LG