Кечээ Москванын түндүк-батышындагы курулушта чыккан өрттө 10 киши өлүп, 7 киши ооруканага түшкөн. Өлгөндөрдүн экөө тажик жарандары экенин «Азаттыктын» тажик кызматына Тажикстандын Москвадагы элчилиги тастыктады.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттө каза тапкандардын бардыгы тең курулушта иштеген жумушчулар экенин билдирет. Өрт газды туура эмес пайдалануудан чыкканы айтылууда.