Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:26

ЕӨБ имараттарды жылуулоо үчүн насыя берет


Бул тууралуу Курулуш жана аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин башчысы Каныбек Нарбаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы алдын ала макулдашуулар боюнча 60 миллион евро берет. Анын 30 пайызы грант болуп эсептелет. Келген каражаттын биринчи бөлүгү, тактап айтканда, 20 миллиону февраль-март айларында алынмакчы.

Пилоттук долбоордун алкагында аймактарда мурда курулган көп кабаттуу үйлөрдү, административдик жана өнөр жай имараттарды сыртынан жылуулоо башталат. Нарбаевдин айтымында, муну менен электр энергиясын 40 пайызга чейин үнөмдөөгө болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG