Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Малинин Тимбукту шаары согушчандардан бошотулду


Француз жана Мали аскерлери байыркы Тимбукту шаарын согушчандардан тазалашты. Мали армиясынын капитаны Кунайт француздардын France 24 телеканалына кечээ курган маегинде: "Тимбукту аэропорту Мали күчтөрү жана алардын француз өнөктөштөрү контролдоп турганын тастыктай алам. Бул өтө маанилүү кадам. Себеби биз шаардын башка да бөлүгүн бошотууну улантышыбыз керек", деген эле.

Француз командачылыгын билдиришинче, козголоңчулар катуу каршылык көрсөтпөгөнүн, бирок чегинип баратып, байыркы кол жазмалар сакталган китепкананы өрттөп жиберишкен. Тимбукту шаарынын байыркы бөлүгү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Эл аралык валюта фонду Мали өкмөтүнө 18, 4 млн. доллар кезексиз кредит бөлдү.
Француз аскерлери Малидеги операцияны 10-январда эки жума БУУнун Коопсуздук кеңешинин макулдугу менен баштаган.

XS
SM
MD
LG