Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:37

Эл аралык издөөдөгү Пайзуллабек Рахманов Казакстандан Кыргызстанга алынып келди


Эл аралык издөөдө жүрүп, Казакстанда кармалган Пайзуллабек Рахманов 29-январда Кыргызстанга алынып келди. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Рахманов 2012-жылы 15-июнда Жамбыл облусунда кармалган. Жанынан Беларустун жараны Пазыл Рахманов деген жасалма документ табылган.

Рахманов мурунку президент Курманбек Бакиевдердин тушунда жооптуу кызматтарды ээлеп турган, "Ак жол" партиясынын мүчөсү болчу. 2010-жылы апрель окуяларынан кийин Жалал-Абадда губернатор болууга аракет кылган.

Рахманов учурда Бишкекте №1 тергөө абагына кармалды. Кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тергеп жатат. (EBM

XS
SM
MD
LG