Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Египет: оппозиция саясий кризистен чыгыш үчүн чукул сүйлөшүүлөргө чакырды


Мухаммед Элбарадей
Мухаммед Элбарадей
Мындай демилгени өлкөдөгү оппозициянын лидери Мухаммед Элбарадей көтөрдү. Ал президент Мухаммад Мурсини, исламчыл топторду жана оппозицияны азыркы оор абалдан чыгыш үчүн сүйлөшүүгө чакырды.

Өлкөдөгү оппозициялык Улуттук куткаруу фронту “Твиттердеги” бүгүнкү билдирүүсүндө “тезинен зордук-зобунду токтотуп, олуттуу диалогду башташ керек” деп айткан.

Эки күн мурда Элбарадей да, аталган фронт да президент Мурсинин сүйлөшүүгө чакырыгын чекте кагышкан эле. Мурси болсо дүйшөмбүдө Суэц каналынын боюнда үч шаарга коменданттык саат режимин киргизген. Соңку күндөрдөгү тополоңдо 50дөн ашуун адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG